Күткүбүз келбейт! Нью-Йоркто үйлөнүү салтанатын видео байланыш аркылуу өткөрүүгө уруксат берилди

АКШнын Нью-Йорк штатында үйлөнүү салтанатын видео байланыш аркылуу өткөрүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар аталган штаттын губернаторуна таянуу менен жазып чыгышты.

Анда үлпөт тойду кийинкиге калтырбай эле Zoom тиркемеси аркылуу өткөрүүгө мүмкүн экени айтылат. "Үйлөнүү тойго күйөө баланын, анын колуктусунун жана нике кыюучу жарандын катышуусу жетиштүү", - деген губернатор Эндрю Куомо.

Бүгүнкү күндө АКШнын бардык штаттарында карантин жарыяланган. Анда коронавируска чалдыккандардын саны 759 миң 786га жетип, анын 70 миң 980и айыкты. Каза болгондор 40 миң 683кө жетти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан