Түштүк Кореяда экинчи толкун башталдыбы? Өлкөдө бир ай ичинде коронавирус жуктурган жогорку көрсөткүч катталды

Коронавирус пандемиясы менен эффективдүү күрөшүү боюнча алдыңкы үчтүктө турган Түштүк Кореяда кайра эпидемия күчөп баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өлкөдө коронавирус менен ооруган 34 адам катталган. Бул акыркы айдагы эң жогорку көрсөткүч катары бааланууда. Анын 26сы жергиликтүү тургундар болсо, 8и чет өлкөдөн келгендер.

Акыркы учурда өлкөдө вирус жуктургандар кайра өсүп баштагандыктан, мурун жокко чыгарылган чектөөлөр кайра калыбына келтирилип, бар, ресторандар жабылды. Ресторандардын жабылышына себеп, коронавирус жуктурган мырза Сеулдагы бир нече көңүл ачуучу жайларда болгондугу. Президент Мун Чжэ Ин жылдын аягында эпидемиянын экинчи толкуну болушу тууралуу эскертти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан