Сузак районунда дезинфекциялоо иши талаптагыдай жүрбөй жатабы? Башкы дарыгердин жообу

Бүгүн, 20-апрелде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков жана Жалал-Абад облусунун санэпидемкөзөмөл борборунун башкы дарыгери Дүйшөналы Курбаналиев өзгөчө абал кирген аймактардагы кырдаал, эпидемиологиялык абал боюнча жыйын беришти.

Анда башкы дарыгер облус аймагында эпидемиологиялык кырдаал боюнча айтып, андагы абал оор бойдон калып жатканын билдирип өттү.

Маалымат жыйында жаран башкы дарыгерге Сузак районунун аймактары дезинфекция кылынбаганын айтып, кайрылды. Жарандын айтымында, аймакты дезинфекциялоо иши жүрүп жатат деп айтылып жатканы менен дезинфекция иши талаптагыдай жүрбөй жатат.

"Бул айтылган маалыматты такташ керек. Анткени бизге жеткен маалыматтар боюнча, бир топ оору чыккан Бостон, Благовещенка сыяктуу айылдарга дезинфекция кылуу жергиликтүү бийлик тарабынан жакшы уюштурулган. Бул боюнча тактап карап, маселени чечип колго алабыз", - деди башкы даргер.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан