Тажикстанда прокуратуранын 38 жаштагы кызматкери пневмониядан каза тапты. Ал жакында эле чет жактан келген

Тажикстандын Душанбе шаарында прокуратуранын 38 жаштагы кызматкери пневмониядан каза тапты. Бул тууралуу тажик басылмалары жазышат.

Маалыматта Жалолиддин Пиров аттуу жаран ооруканага 13-апрелде түшкөнү, ага сасык тумоонун А(H1N1) түрү жана эки тараптуу пневмония деген диагноз коюлганы айтылат.

"Пировдун абалы 16-апрелде кескин начарлаган, жаш жана саламаттыгы чың деп эсептелген Жалолиддин Пировдун күтүүсүз өлүмү анын жакындары үчүн катуу сокку болгон. Туугандарынын айтуусунда, ал 19-апрель күнү көз жумган. Бирок жакындары аны жерге бере алган эмес. 19-апрель күнү эртең менен "Тез жардам" кызматынын атайын коргоочу кийимдерди кийген кызматкерлери Пировдун үйүнө келип, маркум жаткан табытты ачтырбай туруп сөөктү көмүүгө алып кетишкен.

Маркумдун кесиптеши, анын ооруканага жатардан бир апта мурун эле ооруп баштаганын айткан. Ал эми дагы бир булактын берген маалыматына ылайык, Жалолиддин Пиров жакында эле чет жактан келгенин, бирок укук коргоо органдарындагы байланыштарын колдонуп, 14 күндүк карантинге жатпаганын айткан. Учурда анын үй-бүлө мүчөлөрү карантинге алынды. Ал эми өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги маркумдун коронавируска тапшырган анализдери таза чыкканын билдирген"
, - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
KalenAlmaz
2020-04-21 13:47:57
Уже тортоо олду даагы еле вирус жок имиш.
+14
PROS
2020-04-21 13:51:07
KalenAlmaz, ооруну жашырсаң өлүм ашкере деген цшу да.
+12
Milduri
2020-04-21 13:52:01
Таджикстандагы жаңылыктарды бербей эле койсоңор болотко, анын өлүмү Кыргызстандыктар үчүн кереги деле жокко дейм, аны биз тааныбасак, анан эч кандай коронавируска тиешеси жок болсо, Таджикстанда бир да учур каттала элек жана катталбайт дагы окшойт.
-4
abusait
2020-04-21 13:58:19
Тажиктерде тоталитардык режим . Ошондуктан эч нерсе чыкпайт.
+8
koshterek
2020-04-21 14:16:45
Tim ele tajikistanda korona virus jok deit jashyryp atyp kyrylyp olosunorgo
+2
JaneEr
2020-04-21 14:33:06
Биздин президентибизге рахмат.Тажикстан же Белоруссиядай болбой элдин ден-соолугун ойлоп атат.
+9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан