Ош шаары, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда өзгөчө абал киргенден бери коменданттык саатты 404 жаран бузган. Бул тууралуу онлайн жыйын учурунда Ош шаары, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.
Анын айтымында, 25-марттан бери 56 автоунаа айып короого киргизилген. Ошондой эле өзгөчө абалдын режимин бузган жана жасалма өткөрмө кагаздары менен жүргөн 50 учур катталган.
"Жалпы 25-марттан бери 50 кылмыш катталды. Анын ичинде жасалма пропуск, аты-жөнүн аныктоочу документи жок жүргөн жарандар бар. Жалпы коменданттык саат эрежесин бузган 404 жаран райондук ички иштер бөлүмдөрүнө алып келинип, тийиштүү чаралар көрүлдү. Ошол эле учурда 56 автоунаа айып короого киргизилди", - деди комендант.