Баткен жана Нарын облусунун тургундары коронавирус эпидемиясына байланыштуу туура эмес маалыматтарды таратты деген шек менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"23-мартта коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан Г.М. аттуу 1964-жылы туулган Баткен облусунун Кызыл-бел айылынын тургуну жана Э.Ж. аттуу 1984-жылы туулган Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын тургуну аныкталды.
Биринчи жаран Баткен облусундагы коронавирус боюнча кырдаалга байланыштуу жалган маалыматтарды тараткан. Ал эми экинчи жаран социалдык тармактар аркылуу Кочкор районундагы Кочкор санитардык постунда укук коргоо органдары паспортторду текшербестен, 200 сом алып коё берүүдө деген маалыматты тараткан.
Эки жаран менен профилактикалык иш-чаралар өткөзүлгөн соң, алар кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурашты. Учурда алардын кылган ишине юридикалык баа берүүгө багытталган иш-аракеттер жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.