
АКШда 5 жаштагы кыз коронавирус илдетинин күчөп кетишинин сейрек кездешүүчү түрүнөн каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 1 ай мурун Скайлер Херберт аттуу кыз ата-энесине башы ооруп жатканын айткан. Дарыгер кызга антибиотик берип үйүнө жөнөткөн. Бирок Хербеттин башы оорусу токтогон эмес. Кайрадан ооруканага барганда кыздан коронавируска анализ алышкан. Жыйынтыгында ал коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.
"Скайлер Херберт дарыланып үйүнө чыгарылган, бирок башынын ооруганы басылган эмес. Дарыгерлер изилдөө жүргүзүп кызда коронавирус үчүн сейрек болгон менингоэнцефалит өрчүп кеткенин айтышкан. Бул мээге кан куюлуп кетишине алып келген", - деп жазылат маалыматта.
Скайлер Херберт 2 апта жасалма дем алдыруу аппаратында жаткан. Дарыгерлер анын баш мээси өлгөнүн айтканда ата-энеси аны аппараттан өчүрүү чечимин кабыл алышкан.