Быйыл Орозо айы 24-апрелден башталат. Ага ылайык, битир-садаганын баасы бекитилген. Муфтияттын маалымат кызматынан карантин учурунда битир-садаганы кантип төлөсө болорун айтышты.
"Жарандарыбыз үчүн быйыл битир-садаганы берүүнүн электрондук системин иштеп чыктык. Эми жарандарыбыз битир-садаганы, зекетти берүүдө Мусулмандар дин башкармалыгынын РСК банкындагы эсебине, РСК банкынын банкоматтары, терминалдары жана RSK24 мобилдик банкинги аркылуу беришсе болот", - деп билдиришти мекеменин маалымат кызматынан.