Дарыгерлердин негизги эмгек акылары толук берилет. Мындай маалыматты бүгүн, 21-апрелде онлайн маалымат жыйында вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.
"Дарыгерлердин негизги эмгек акысы сакталып, толук берилет. Каржы министрлигинин алдында ачылган атайын эсепке 129 миллион сом келип түшкөн, ошол каражаттан кызматкерлер кошумча төлөмдөрдү алып жатышат. Кызматкерлердин март айындагы айлыгына 11 күндүк иши үчүн кошумча каражаттар төлөндү. Кошумча төлөмдөр үчүн 38 миллион 500 миң сом которулуп, бүгүнкү күнгө карата 4 миң 598 медициналык кызматкерлерге компенсация төлөнүп берилди", - деди Исмаилова.
"Медициналык кызматкерлерге апрель айындагы кошумча төлөм үчүн 132 миллион сом каралууда. Азырынча бул сан так эмес экенин белгилеп кетейин", - деп кошумчалады вице-премьер.