Коронавируска каршы күрөшүү үчүн атайын эсепке түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча комиссиянын жыйыны өттү

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн атайын эсепке түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, комиссиянын төрагасы, вице-премьер-министр Аида Исмаилова белгилегендей, комиссиянын алдына келип түшкөн каражаттарды ачык-айкын бөлүштүрүү боюнча жооптуу милдет артылган.

"Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал абалында комиссия дарыгерлердин кызыкчылыгы үчүн ыкчам чечим кабыл алуусу шарт. Түзүлгөн кырдаалдын өзү чечкиндүү аракеттерди талап кылууда", - деди ал.

Андан соң комиссия мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков учурда саламаттыкты сактоо тутумунун кызматкерлери коомчулуктун жана мамлекеттин колдоосуна абдан муктаж экендигине токтолду.

"Биз ыктыярдуу жардам көрсөтүү фондунун каражатынан коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча иш-чараларга тартылган медициналык кызматкерлерге кошумча төлөм үчүн тийиштүү сумманы бөлүп берүүбүз керек. Алар өз өмүрүн кооптуулукка салуу менен жарандардын өмүрүн сактап калууга салымын кошууда.

Саламаттыкты сактоо министрлиги дарыгерлердин толук тизмесин жана кошумча төлөмдөр үчүн зарыл болгон сумманы көрсөтүшү зарыл. Күнү-түнү эң кооптуу тилкеде иш алып барган медициналык кызматкерлерге өзгөчө көңүл бурулушу тийиш", - деди депутат.

Өз кезегинде жарандык сектордун айрым өкүлдөрү түшүп жаткан акчалай каражаттарды жеке коргонуучу каражаттарды сатып алууга багыттоо зарылдыгын билдиришти.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча комиссия тараптан Саламаттыкты сактоо министрлигине COVID-19 дартын жуктуруп алгандарды аныктоо жана дарылоо процессине тартылган медициналык кызматкерлерге кошумча төлөмдөр үчүн талап кылынган сумма тууралуу бетачарды, тийиштүү эсептер менен биргеликте даярдоо тапшырылды.

Комиссиянын курамына тармактык мамлекеттик органдардын, жарандык сектордун жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кирет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kultegin
2020-04-26 10:13:14
Булар болушуп буткучо карантин бутуп, Элдер бул акчага муктаждыгы деле калбай калатго. Эки айдан бери не кылып атышат тан каласын, таш бака эле минип алышканбы не баля такыр эле кыймылдай алышбайтго.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан