Бүгүн, 18-апрелге карата коронавируска байланыштуу өлкөдөгү абалды саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев айтты. Айтымында, сутка ичинде өлкө аймагында коронавирус жуктуруп алган 16 бейтап оорудан айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Анын ичинен:
Бишкек шаарында – 4;
Жалал-Абад облусунда – 12.
Муну менен айыккандардын жалпы саны 130га жетти.