АКШнын президенти Дональд Трамп Ак Үйдөгү коронавирус боюнча күнүгө өтүп жаткан брифингдин маанисин көрбөй жатканын айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Калпычы маалымат каражаттары касташкан суроолорду гана беришип, андан кийин чындыкты же так фактыларды айтуудан баш тартышат. Алар рекорддук рейтингдерди алышат. Ал эми америкалыктар жалган жаңылыктарды гана алышат", - деп Трамп социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Өткөн аптада Дональд Трамп Ак Үйдө күн сайын коронавирустун жайылышы боюнча брифинг өткөргөн. Бир катар оппозициялык маалымат каражаттары аны фактыларды туура эмес көрсөтүп, пандемияга каршы күрөштө администрациянын катачылыктарын жашырууга аракет кылган деп айыпташкан.