Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте жыйын учурунда 4-майдан тартып карантиндин эрежелери жумшарарын айтты. Бул тууралуу италиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Конте өлкө коронавирус менен күрөшүүдө "экинчи баскычка" өтүп жатканын билдирген. Аталган баскыч 17-майга чейин созулат.
"Биз вирустун кайра жайылып кетүү коркунучунан качышыбыз керек. Сиздер коопсуздук эрежелерин так сакташыңыздар абзел. Вирус менен жашоонун жалгыз бир жолу бул аралыкты сактоо. Сиздер Италияны жакшы көрсөңүздөр, вирустун жайылып кетпешине көмөк көрсөтүңүздөр", - деп билдирген өкмөт башчы.
Ресторандар тамакты өзү менен алып кетүүгө гана ачылган. Мындан сырткары шаардын сейил бактарына чыгууга жана акыркы сапарга узатуу зыйнатын өткөрүүгө уруксат берилет, бирок ал жакта 15 кишиден ашык чогулбоосу керек.
Ошондой эле 4-майдан тартып курулуш жана өндүрүү иштери жанданат.