Мамлекеттик экзамендер дистанциялык шартта өтөрү айтылды

Мамлекеттик экзамендер дистанциялык шартта өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов аймактардагы абал тууралуу онлайн маалымат жыйынында билдирди.

"Мектептерде бүтүрүү экзамендери төртүнчү чейректин жыйынтыгы менен чыгарын Билим берүү министрлигинен айтып келишет. Башкача айтканда, буга чейинки чейректин жыйынтыктарына жараша жылдык баа коюлат. Ал эми мамлекеттик экзамендерди дистанциялык түрдө өткөрүү чечими кабыл алынып жатат. Бул албетте, аргасыз колдонулуп жаткан чара. Бирок окуучулар жана студенттер үчүн дистанциялык шартта экзамен тапшыруу жогорку балл алууга өбөлгө түзөт деп ойлойм. Жалпы республикалык тестирлөө кандай шартта өтөрүн билбейм, балким, ал дагы дистанциялык түрдө жүргүзүлөт", - деди комендант.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
baku24
2020-04-27 13:35:46
Ухууу мандайына шпарагалканы койуп алышыбы
+1
Saidochka
2020-04-27 15:06:29
baku24,ошону айтсан
0
Asyl.jazi
2020-04-27 16:24:50
baku24,ошону дагы эптей албагандар бар.
0
Liliia
2020-04-27 17:41:20
каякта көздү телефондон албай жооп беришет экен сиңдим Славянскийде окуйт ошентип модуль тапшырды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан