Орусияда "Өлбөс полк" акциясы онлайн түрүндө өтөт

Пандемиядан улам көп өлкөлөрдө Жеңиш күнүнө арналган ар кандай иш-чаралар токтотулду. Буга карабастан, интернет айдыңында "Өлбөс полк" акциясы онлайн режиминде өтөт. Бул үчүн эки социалдык тармак атайын кичине-тиркемелерди чыгарышкан.
"Одноклассники" жана "ВКонтакте" тармактарынын атайын тиркемелеринде орусиялыктар онлайн жүрүшкө катыша алышат.
Анда колдонуучулар архивдик сүрөттөрдү жүктөп, өзүлөрүнүн согуш майданын басып өткөн жакындары тууралуу айтып бере алышат. Тиркеме сүрөттү эскерүү картасы катары иштеп чыгып берет, аны колдонуучу өзүнүн баракчасына жана "Сторис" функциясына жүктөй алат. Жүктөлгөн сүрөттөрдүн баары бир видеого чогултулат.

Бир видеого чогулган сүрөттөр онлайн жүрүшкө айланат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан