Чаткал районунда коронавирус жуктурган 7 жарандын экөө Ала-Бука районунун ооруканасында дарыланып жатат. Бул тууралуу Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков бүгүн, 6-майда маалымат жыйын учурунда айтты.
"Райондо түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Буга чейин Чаткал районунда 7 жарандан коронавирус аныкталган. Ал эми дарылануудан баш тарткан жарандар жок. Аларга жергиликтүү бийлик, медицина кызматкерлери тарабынан болушунча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.
Ал эми ошол катталган 7 жарандын экөө учурда Ала-Бука районунун ооруканасында дарыланууда. Ал эми калгандары менен жергиликтүү медицина кызматкерлери иш алып барып жатат. Районго медицина кызматкерлеринен турган топторду жиберип жатабыз", - деди Ызабеков.