Кытайда сутка ичинде 6 адамдан коронавирус аныкталды. Өлкөнүн экономикасы калыбына келе баштады

Кытайда акыркы бир сутка ичинде 6 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталгандардан үчөө сырттан келгендер болсо, калгандары өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Хэйлунцзян провинциясынын тургундары.

Кытайдын Саламаттыкты сактоо комитетинин маалыматына караганда, медициналык мекемелерде сутка ичинде коронавирус менен ооругандардын саны болжол менен 10 пайызга азайган жана бул илдеттен эч ким каза болгон эмес. Жалпысынан 648 адам ооруканаларда дарыланууда, алардын 50сү оор абалда.

Кытайда бир нече күндөн бери коронавирус инфекциясынын оор учуру каттала элек. Өлкөнүн экономикасы калыбына келе баштады. Бирок коомдук жүрүм-турумду жөнгө салуучу конкреттүү эрежелер дагы деле күчүндө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан