Өлкөдөгү түзөтүү абагында иштеген кызматкерлер коронавируска карата текшерилди. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, COVID-19 илдетин эрте аныктоо максатында ыкчам текшерүү иши СИЗО-1де, №47, №2, №3, №1, №27 жана №31 мекемелеринде жүргүзүлүп, кызматкерлер текшерилди.
Натыйжада СИЗО-1ден бир кызматкер пневмония оорусу менен Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында, бир кызматкер коронавирус белгилери менен ЖАМКнын госпиталында дарыланууда. Андан тышкары №27 мекемесинин эки кызматкери илдетке шектүү экендиги аныкталды. Бул кызматкерлер менен байланышкан адамдар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү текшерилди.
Жогорудагы кызматкер менен байланышта болгон дагы 2 кызматкердин ПЦР-анализи таза чыкты. Учурда 4 кызматкерде оорунун белгилери көрүнбөгөн абалда болгондуктан, дарыгерлердин көзөмөлүндө, ден соолугунан даттануу жок.
Буга чейин биринчи катталган СИЗО-1деги кызматкер Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасындагы дарыгерлердин көзөмөлүнөн үй шартына чыгарылган. Учурда ден соолугу канааттандырарлык. Бүгүнкү күнү ЖАМКнын медициналык кызматы тарабынан коронавирус боюнча алдын алып аныктоого тестирлөө улантууда.