Казакстанда сутка ичинде 90 жарандан коронавирус аныкталып, анын 52си Нур-Султан шаарында катталды. Муну менен ооругандардын жалпы саны 2 миң 950гө жетти. Аталган өлкөнүн штабынын маалыматына ылайык, ооруга кабылгандардын ичинен 725и айыгып, 25и каза болду.
Кечээ, 27-апрелде Казакстанда өзгөчө абал режими 11-майга чейин узартылганы маалымдалган.