Бүгүн, 28-апрелде Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев шаарда таратылып жаткан гуманитардык жардам тууралуу онлайн маалымат жыйын берди.
"Эл бизди түшүнүп, кээ бир алып барган жардамдарыбызды кайтарып берип жатат. Өткөндө бир үйгө атайын бардым. Чалбаган жери жок. Өкмөткө, бардык тиешелүү жактарга чалыптыр. Барсам мас. Биз берген үч, төрт жардамды алып коюп, "мен жалгыз калдым, неберелерим менен ачка калдым, мен талаада калдым" деп көрүнгөн жерге чалып, жардамды алып, дүкөнгө өткөрүп арак ичет экен. Мунун баарын каттап жатабыз", - деди Түлөбаев.