31-майга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны 6 миллион 57 миң 553 болду. Алардын арасынан 2 миллион 564 миң 544 бейтап сакайып ооруканадан чыгарылса, 369 миң 106 адам көз жумду.
Коронавирус эң көп жайылган АКШда 1 миллион 769 миң 776 адам аталган илдет менен катталды. Арасынан 416 миң 461 адам сакайып, 103 миң 768 бейтап каза болду.
Экинчи орунду ээлеген Бразилияда вирус менен алышкандардын саны 498 миң 440 болду. Андан 200 миң 892 адам ооруканадан айыгып чыкса, тилекке каршы 28 миң 834 адам каза болду.
Орусияда 396 миң 575 адам коронавирус илдетин жуктуруп катталды. Арасынан айыгып чыккандар - 167 миң 469, көз жумгандар - 4 миң 555.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.