Ысык-Көл жана Нарын облустарында үй карантинин бузган фактылар аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун аймагында 2 факты, Нарын облусунда 4 факты катталган.
"6-апрель күнү Каракол шаарынын жашоочусу Ш.К. өзүн-өзү обочолоо режимин бузган. Аталган факты бузуулардын бирдиктүү реестрине катталган. Ал I категориядагы 20 миң сомдон 30 миңге чейин айып түрүндө жазасын алат. Андан сырткары 19-апрель күнү Каракол шаарынын тургуну С.Н. үй шартындагы карантиндин эрежелерин бузуп, үйдүн сыртында "карантин" деген жазууларды сыйрып, тартылган ленталарды жулуп, качып кетүүгɵ аракет жасагандыгы аныкталган.
Ал эми Нарын облусунда карантин жарыялангандан баштап, эреже бузган 5 факты аныкталды. Эреже бузган жарандардын бардыгы Нарын облусунун Ат-Башы районунун жашоочулары. 30-март күнү "Индиядан келген эки жаран алдоо жолу менен санитардык-эпидемиологиялык посттон өтүшүп, айылга кирип барышкан" деген маалымат жарык көргөн. Аталган маалымат боюнча Ат-Башы райондук прокуратурасы тиешелүү материалды Ат-Башы РИИБине тапшырган. Текшерүүнүн жүрүшүндө эки жарандын аты-жөнү такталган. Алар 1977-жылы туулган М.К., 1971-жылы туулган И.Т. аттуу Ат-Башы районунун жашоочулары болушкан. Текшерүүдө алар Индиядан өлкөгө дааваттан келишип, обсервацияга жаткырылган. Алардан алынган анализ терс жыйынтык көрсөткөндүктөн, аларды үй шартындагы карантинге коё беришкен. Өзүн-өзү обочолоо жөнүндө тил кат бергендерине карабастан, жарандар үй шартындагы карантинди бузушуп, даават менен алектенүүлөрүн уланта беришкен.
Азыркы учурда жогоруда көрсөтүлгөн бардык фактылар боюнча Каракол ШИИБи менен Ат-Башы РИИБинин тергөө кызматы иликтөөлөрдү жүргүзүүдө", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.