Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму: "Дүйнөдө карантин кайрадан жарыяланышы мүмкүн"

Коронавирус пандемиясынан улам дүйнөдө карантин кайрадан жарыяланышы мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Аданом Гебреисус ДССУнун Европадагы Регионалдык бюросунун сессиясында айткан.

"Биз көптөгөн адам өмүрүнөн, экономикабыздан айрылдык. Дүйнөлүк экономика коркунучта болуп жатат. Пандемия көптөгөн өлкөлөргө катуу таасир этүүдө.

Учурда оорулардын күнүмдүк саны март айындагы эң жогорку мезгилге салыштырмалуу көп. Каза болгондордун саны дагы жетиштүү деңгээлде кала берүүдө. Ар бир өлүм - бул трагедия. Эгерде вирустун таралышына тоскоолдук кылбасак, анда адамдар өлөт. Толук карантинди кайрадан киргизүү коркунучу бар", - деген Гебреисус.

Кечээ, 14-сентябрда дүйнөдө пандемия башталгандан бери сутка ичинде коронавирус аныкталгандардын рекорддук көрсөткүчү катталгандыгы кабарланган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sambet08
2020-09-15 16:56:00
Болбой эле койсун, болсо бизге окшогон карапайымга эле кыйын экен
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан