Орусиянын белгилүү "Аэрофлот" авиакомпаниясынын директорунун орун басарынан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу авиакомпаниянын башчысы Виталий Савельев билдирген.
"Менин орун басарларымдын бирөөнөн коронавирус инфекциясы аныкталды. Ал азыр өзүнүн үйүндө", - деген Савельев жана ал анын атын айткан эмес.
Виталий Савельев компанияда иштеген 8 миң 600 стюардессанын жана 2 миң 700 учкучтун ичинен 5 стюардесса, 1 учкучтан коронавирус аныкталганын айтты. Ошол эле учурда 4 стюардесса айыгып чыккан, коронавирус аныкталган учкуч жумуш убагында эмес, Таиландда эс алып жүргөндө коронавирус жуктургандыгын айткан.