Тажикстанда коронавирустан дагы 6 адам каза болду. Муну менен көз жумгандардын саны 20га жетти

Тажикстанда коронавирус инфекциясынан улам каза болгондордун саны 20га жетти. Бул тууралуу тажик басылмалары өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигине таянып жазышууда.

Маалыматта акыркы сутка ичинде дагы 90 адам оору жугузуп алганы жазылат.

"Ошону менен бүгүнкү күндө Тажикстанда жалпы 612 адам COVID-19 илдети менен жабыркап жатат. Өлкө бийлиги Саламаттыкты сактоо министрлиги менен бирге коронавирус COVID-19 вирусунун жайылышын алдын алуу үчүн бардык күчүн жумшоодо. Министрликтин берген маалыматына ылайык, өлкө боюнча обсервацияларда 4 миң 738 адам жатат. Акыркы суткаларда толук диагностикалык текшерүүдөн кийин 552 адам үйлөрүнө чыгарылган", - деп жазылат анда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Usow
2020-05-10 03:37:33
Апей 612 адам ооруп 552 адам уйуно чыгарылган дейби. Вооообще жалган болсо керек
-2
ZUXRIDDIN20
2020-05-10 07:07:27
Usow,айыкты деген эмес. Орсервациядагы карантинге алынгандар ды уйуно чыгарыптыр
-1
Usow
2020-05-10 13:29:02
ZUXRIDDIN20,кулкулуу ха ха
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан