
Жыт сезбей калуу адамдын коронавирустун жеңил түрүнө кабылгандыгынан кабар берет. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, эгерде вирус жуктуруп алган адам жыт сезбей жатса, демек ал оорунун жеңил түрүнө кабылган.
Аталган изилдөө 3-марттан тартып апрель айына чейин жүргүзүлгөн. Анда жалпы 169 адам катышкан. Алардын 128и жыт сезбей жаткандыгын билдиришкен, ал эми 26 адамды ооруканага жаткыруу керек болгон. Белгилүү болгондой, ооруканага түшкөн адамдарда жыт сезбей калуу болгон эмес.
Дал ушул белгинин жардамы менен коронавирусту мезгилдик аллергиядан айырмаласа болот.
Мындан улам окумуштуулар коронавирустун жеңил түрү дем алуу органдарынын баш жагын жана мурундун былжыр челин жабыркатат деген жыйынтыкка келишкен. Бул учурда оору өрчүбөйт.
Бул бир гана изилдөөнүнүн жыйынтыгы экенин, бул божомолду аныкташ үчүн чоң изилдөөлөрдү жүргүзүш керек экендигин окумуштуулар кошумчалаган.