Сүйүнчү! WhatsApp мессенжеринде 4 эмес, мындан ары 8 адам бир учурда сүйлөшө алышат

WhatsApp мессенжеринде жаңы мүмкүнчүлүк пайда болду. Бул тууралуу компания блогунда билдирген.

Мындан ары WhatsApp мессенжеринде ишке ашырылган тайпалык аудио, видео чалууларга 8ге жакын адам кошула алат.

Маалыматка ылайык, коронавирус пандемиясынан улам дүйнө жүзүнө киргизилген карантинге байланыштуу колдонуучулар мурункуга салыштырмалуу мессенжерди көбүрөөк колдонуп башташкан. Алардын арасында тайпалык чалуулардын популярдуулугу өскөн. Ошого байланыштуу компания тайпалык чалууга мурункуга караганда эки эсе көп колдонуучунун катышуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыккан. Мурун тайпалык чалууга 4 гана киши катышса, эми 8 адам бир учурда сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Omar.
2020-04-29 15:08:44
Ватсап группада 4 адам менен зоорго сүйлөшөсүң ызы-чуу болуп интернетиң катып, 8 адамга балее барбы
+10
bekbolotabdirasulov
2020-04-29 15:30:03
Omar., ал сиздин интернет ылдамдыгынызга коз каранды..
бул функция биз учун эмес, дуйнолук болгондуктан бизге пайдасы жок болсо да башкаларга ото пайдалуудур
-3
taalay25
2020-04-29 15:26:12
Обновление кылып кордум 4 эле адам эле дагы
+4
bekbolotabdirasulov
2020-04-29 15:30:21
taalay25, бир аз кутуп турунуз кайра келет жаныртуу
+1
rola
2020-04-29 15:29:01
Тиктешип эле тура береби анан?Кайсы биринин созун угасын?
-3
Krai
2020-04-29 15:31:41
rola,жанагы zoom деген программа менен 30 го жакын адам менен видео конференция аркылуу сүйлөшүп сабак өтүп атышпайбы. Эң негизгиси жакшы жаңылык азыр ватсапсыз жумуш бүтпөй калды го ийгилик
+2
kirgizstan
2020-04-29 16:06:17
Как раз биз учунго)) 8 бир тууган жыргап калабызго
+9
Kubatbek1974
2020-04-29 16:29:16
Жакшы болот экен
+6
Shef87
2020-04-29 17:46:38
Бекерчинин эрмеги
-5
bond02
2020-04-29 17:52:55
Аялдарга кудай бериптир.
+5
Aikaaaa
2020-04-29 18:21:11
bond02,ооба да ))) жакшы болуптур да бизге
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан