Бүгүн, 4-февралга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 104 миллион 358 миң 117 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 57 миллион 955 миң 877 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 267 миң 768 адам илдеттен каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 26 миллион 554 миң 204 болду. 450 миң 680 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 10 миллион 777 миң 284 адамдан аныкталды. 154 миң 486 адам каза болсо, 10 миллион 462 миң 631 бейтап айыкты.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.