Вице-премьер: "Медицина кызматкерлеринин апрель айындагы кошумча акысы үчүн 229 миллион сом бөлүндү"

Медицина кызматкерлеринин апрель айындагы кошумча акысы үчүн 229 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде вице-премьер-министр Аида Исмаилова онлайн маалымат жыйынында билдирди.

"Жалпы эсепке жарандардан 130 миллион сомдон ашык каражат түштү. Ал эми март айында бөлүнгөн 38 жарым миллион сом боюнча саламаттыкты сактоо министринин отчётун уктук. Анда жалпысынан эсепке 134 миллион сомдон ашык каражат түшсө, ал акчанын 96 миллион сому корогон эмес. Ошондуктан комиссиянын чечими менен 96 миллион сом медицина кызматкерлеринин апрель айынын кошумча төлөмдөрүнө бөлүндү. Дагы жетишпегенин Каржы министрлигине бөлүп берүүнү сунуштадык. Анткени апрель айы үчүн кошумча төлөмдөрдүн суммасы 229 миллион сомдон ашык болду. Ошондо 133 миллиондон ашык каражатты Каржы министрлиги бөлүп бермей болду. Оору очогунда иштегендердин кепилденген маянасы жана кошумча акылары айлык маяна менен чогуу берилет", - дейт Исмаилова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dani
2020-04-30 01:13:16
Болунуп эле атат милиондор,мен алдым дегенин укпадым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан