АКШда коронавирус инфекциясынан алгачкы кылмышкер каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
20-мартта Андреа Секл Биэр аттуу 30 жаштагы кош бойлууну Түштүк Дакота штатындагы абактан Техастагы кылмышкер айымдарга ылайыкташкан медициналык борборго которушкан. Бир аптадан соң аны кайра башка ооруканага которушуп, бирок ошол күнү эле чыгарышкан. 31-март күнү Биэрден коронавирустун белгилери байкалып, дене табы көтөрүлүп, жөтөлүп баштаган. Соттолуучуну кайра аймактык ооруканага алып барышып, жасалма аппаратка кошушкан. Биэрдин төрөтүнө аз калгандыктан, тез арада ага операция жасашып, ымыркайды төрөтүп алышкан. 4-апрелде ал коронавирус жуктурганы аныкталып, 28-апрелде инфекциядан каза болгон.
Биэр баңги затын сактаганы үчүн 2 жыл 2 айга соттолуп, жаза мөөнөтүн өтөп келген. "Rapid City Journal" гезитинин билдиришинче, Биэр коронавирустан каза болгон алгачкы соттолуучу болгон.