Казакстанда 12 жаштагы өспүрүм коронавирустан айыкты

Казакстанда коронавирус жуктуруп алган 12 жаштагы кыз айыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн штабынан кабарлашты деп жазышат казак басылмалары.

"Контролдук анализдин жыйынтыгы чыккандан кийин бейтап ооруканадан чыгарылат. Ал 28-мартта чыгышы мүмкүн. Өспүрүм Алматы шаарындагы инфекциялык ооруканада дарыланып жатат", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин вируска чалдыккан 3 жаран айыгып, ооруканадан чыгарылган. Айыккандардын бири Казакстанда коронавирус менен жабыркаганы аныкталган биринчи жаран.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Benazir08
2020-03-27 22:29:44
Жакшы болуп кетсин бирок мага кызык жуктуруп жаткан бейтаптарга кандай даары дармек берип жатышат экен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан