Депутат Масалиев укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кошумча акыны берүү керектигин айтты

Депутат Исхак Масалиев укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кошумча акыны берүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Бажы кызматы менен Салык кызматы март-апрель айларында 13 миллиард сом жыйнаган. Андан тышкары эл аралык каржы уюмдарынан 123 миллион доллар келген. Эми акча жок деп жатасыңар. Бүгүнкү күнгө чейин медицина тармагына бир аз каражат төлөндү. Милиция кызматкерлерине бир тыйын төлөнө элек. Бир айдан ашык убакыттан бери милиция кызматкерлери, аскерлер көчөдө күнү-түнү турушат. Алар акчадан баш тартпаш керек, бала-чакасы бар, багыш керек", - деди Масалиев.

Буга чейин жыйында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев укук коргоо органдарынын кызматкерлери айлыгын үч эсе көп алышы керектигин белгилеген. Бирок алар бюджетке оорчулук болуп жатса, албай эле коёлу деп жатышканын билдирген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ruslan868600
2020-04-30 21:46:49
күндү күн дебей,түндү түн дебей үйлөрүнө барбай иштегендери канча.төлөп берсин иштегендерине,алардын өздөрүнөн сурабай эле төлөп берсе болот,иштетишке иштетип алып эми бергиси келбей жатабы,өздөрү алгысы келбей жатат деп.
+1
ulaAjidar
2020-05-01 00:52:39
Эчким албайм дебептир,биринчи барагы жок кагазга кол койдуруп алыптыр эле командирлери...эми алар албайбыз деп жатышат дейт..Ай бийлик ушунча жеп баари бир тойбойсунар,айрыкча чалдар куйгуздунорго бу куйгуздунор((сураштырсам баардвгы алгысы келип эле жатышат..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан