Абактагы саясатчы Равшан Жээнбеков экономиканы турукташтыруу жана өнүктүрүү боюнча сунушун билдирди

Абактагы саясатчы Равшан Жээнбеков кыргыз коомчулугуна жана президент Сооронбай Жээнбековго экономиканы турукташтыруу жана өнүктүрүү боюнча сунушун билдирди.

"Бардык өлкөлөр өз экономикаларын турукташтыруу үчүн ички дүң продукцияларын 40 пайызга чейинки резервдерин пайдаланышууда. Мисалы, АКШ 2 триллион доллар, Еврозона 500 миллиард доллар, Орусия 3 триллион рубль, ал эми Казакстан 6 миллиард теңге жумшаарын билдиришүүдө. Тилекке каршы, биздин мамлекетибизде башка кыйын күн келгенде керектөөчү “бекиткен акчасы” эмес, айлык акы, пенсия бергенге бюджетте каражаты жок калганын баарыбыз эле көрүп турабыз.

Эл аралык валюта фонду бөлгөн 121 миллион доллар, Европа кеңеши бөлгөн 35 миллион евро жана башка булактардан алынган дагы баш-аягы 100 миллион доллар бюджеттин гана чыгымдарына жана коронавируска каршы күрөшүүнүн чыгымдарына кетет.

Каатчылыктан чыгуу үчүн экономикага инвестиция жасаганга, орто жана чакан бизнести, калктын аярлуу катмарын колдоого бийликтин, өкмөттүн каражаты жок экенин кыргыз коомчулугу деле көрүп турса керек.

Бүгүн биздин мамлекеттин алдында экономиканы, бизнести жана социалдык абалды турукташтырууга 1-2 миллиард долларды кайдан алабыз деген негизги маселе туруп калды.

1-2 миллиард доллар тегерегиндеги каражатты табуу үчүн бийлик жана коом кандай кадамдарга барышы керек?

  • Жаңы өкмөт куроо. Өкмөттүн курамынын жок дегенде 50 пайызы Япониядан, Сингапурдан, Түштүк Кореядан, Германиядан, Англиядан жана АКШдан билим жана тажрыйба алган адистер болушу зарыл. Өкмөт башчы мүнөзү күчтүү, дүйнөдөгү көрүнүктүү окуу жайдын биринен билим алган адам болушу маанилүү. Эл аралык финансы институттары, донор өлкөлөр каражатты прогрессивдүү, алар ишенген жана мыкты программасы бар өкмөттүк командага гана беришет.
  • Ал өкмөт УКМКнын, ИИМдин, прокуратуранын жана сот системинин радикалдуу реформасын жасашы принципиалдуу маанилүү. Мисалы, УКМКдан коррупция менен күрөшүү, тергөө жана саясий репрессия функцияларын алуу абзел. Булар өкмөттүн карамагына өтөт.
  • Ал өкмөт мамлекеттик кызмат көргөзүүнү минималдаштыруу, жөнөкөйлөштүрүү жана экономикалык кылмыштар жазасын гумандаштырууга барышы керек.
  • Ал өкмөт калктын аярлуу катмарына, студенттерге, пенсионерлерге, орто жана чакан бизнеске каржылык колдоо көрсөтөт.
  • Ал өкмөт сөз эркиндигин, чогулуш эркиндигин, саясий атаандаштыкты сөз жүзүндө эмес, күйүп-бышып колдоого милдеттүү болот. Себеби бул баалуулуктар экономиканын өнүгүшүнө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, коррупция менен күрөшүүгө, адилеттүү коом курууга кызмат кылат.

Эгер экономиканы турукташтырып гана тим болбой, өнүгүүгө багыт алабыз, адилеттүү жана татыктуу өлкө курабыз десек, анда саясий элита, коом мен айткан сунуштарды колдошу, талап кылышы зарыл", - деп жазылат саясатчынын сунушунда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан