Дезинфекция иштерин жүргүзгөн куткаруучулардын арасында коронавирус жуктуруп алгандар жок

Республика боюнча санитардык дезинфекциялык иштерин жүргүзгөн ӨКМнын кызматкерлеринин арасында коронавирус илдетине чалдыккандар жок. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашат.

Маалым болгондой, куткаруучулар обсервацияда убактылуу жайгашкан жарандарга шарттарды түзүп берүү, күнүгө 3 маал ысык тамак-аш берүүнү камсыздашса, өлкөгө коронавирус илдетин жайылышына бөгөт коюу максатында дезинфекциялоо иштерине, ошондой эле санитардык-карантиндик жана блокпосттордо иш алып барууга, гуманитардык жардамдарды жерине жеткирүүгө тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров бул иш-чараларга тартылган өздүк курамдын жеке коопсуздугу да биринчи орунда экенин баса белгилеген. "Өзүбүздүн кызматкерлердин саламаттыгы биринчи орунда турат. Ар бир аймактагы жетекчилер, сиздер кол алдыңардагы кызматкерлерге жооп бересиздер", - деген министр.

"Кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоо үчүн кыска мөөнөттө сатып алуулардын, ошондой эле эл аралык өнөктөштөр менен болгон сүйлөшүүлөрдүн негизинде керектүү жеке коргонуучу каражаттар алынган.

Күн сайын иш-чараларга чыккан курамга, мисалы дезинфекция иштерине алгач бөлүм башчы тараптан коопсуздук чараларын сактоо боюнча нускама өткөрүлөт. Обсервацияларда жана посттордо иш алып барып жаткан кызматкерлер иш-чаранын соңунда обсервацияга жаткырылып, тиешелүү медициналык көзөмөлдөн өтүшөт", - дешти маалымат кызматынан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан