Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев: "Эгер эрежелер сакталбаса, карантинди кайра киргизебиз"

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев бүгүн көчөгө чыгып, көп тартиптер сакталбай жаткандыгын айтып, элге кайрылуу жасады.

"Бүгүн Бишкекти кыдырып, шаар жандана түшкөнүнө күбө болдум. Бул, албетте, жагымдуу көрүнүш. Бирок карантин эрежелерин эч ким токтоткон эмес! Биз коронавирустун кайра козголушун каалабайбыз. Көпчүлүк бизди туура эмес түшүнүптүр.

Учурда экономикалык ишмердүүлүккө уруксат берилген жана алдыда башка багыттарга өтүп баштайбыз. Бирок бул сиздерди өзүңүздүн алдыңызда, Бишкек шаарынын алдында жана эң негизгиси үй-бүлөңүз алдындагы жоопкерчиликтен бошотпойт. Эгер абал өзгөрбөсө, анда карантин эрежесин кайра киргизүүгө туура келет. Андыктан колдон келишинче көчөгө чыкпай туруңуздар! Өзгөчө абал режими дагы деле жүрүүдө", - деди Орозалиев.

Ошондой эле комендант бүгүн эл катары чачын тегиздеткени чачтарачканага барганын айтып, ал жакта кезек күткөн жарандар көптүгүн жана эч кандай санитардык жана дистанциялык нормалар сакталбай жатканын билдирди. Жеке ишкерлерге, кардарларга кооптуулук жаратпоо үчүн санитардык шарттарды түзүп берүүнү суранды.

Эске салсак, 1-майдан тартып чачтарачкана сыяктуу айрым экономикалык ишмердүүлүккө иштөөгө уруксат берилди.

Бишкек шаарынын коменданты эрежелер сакталбаса, карантинди кайра киргизерин билдирди
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
isarti
2020-05-02 00:55:22
Кичине коркутуп коеюн десе керек да.
+8
Aimani
2020-05-02 01:15:03
Чын да. Кайра күчөп кетсе отурабыз анан.
+14
Chungyz
2020-05-02 01:57:24
Жапайы болуп кеттик жата берип
0
Aktan2018
2020-05-02 02:33:49
Жапсанар жаба бергилечи мисалы мага баары бир болуп калды.жумуш ордум бош эле боюнча туруптур.
+5
Bars88
2020-05-02 03:17:34
Бут Кыргызстандын тагдырын ушу комендант чечип калганбы каалаганын айтып.Эми токтото албайсынар элди уйдо жата беришип олсунбу.Эмдигиче болунгон акчаларды топтолгон башка жактан келген акчаларды болушуп бутсонор керек
+3
Nemo_0587
2020-05-02 03:38:17
Карантинге камап элди эмнеге даярдап атканыңарды түшүнүп эле атабыз. Вакцина даяр болду эмдөөнү баштайбыз дешсе, Кыргыз эли жоголуп кетпесин десеңер отказ кылгыла.
+6
ahun72
2020-05-02 04:42:02
Анда элге акча төлөп тургула
+2
bessmertiy
2020-05-02 07:51:34
Дагы 1 айга карантин киргизип салгыла.
+4
bekalife
2020-05-02 09:45:06
Туура тушунгуло. Эмнеге жонокой нерсеге мээнер жетпей ар нерсени дооруй бересинер. Булар эмне кылсада элдин ден соолугун ойлоп жатышпайбы
-1
Glucke
2020-05-02 13:39:30
Карантинди узатып эле коюш керек болчу негизи. Мен жашаган олкодо 1 жумадан бери вирус жуктургандардын саны 0 болуп жатат, баары айыгып 3 киши гана калды. Ошентсе да карантинди 15-майга чейин жылдырышты.
+2
muku79
2020-05-02 23:15:58
Карантинди кайра киригизип, каалаган убакта ача бергидей эненердин оюнубу! Жетишет эми, карапайым эл кыйналды, жаттык жакшы эле!, Ачкадан ололубу эми?!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан