Францияда 106 жаштагы карылар үйүнүн жашоочусу Элен Лефевр коронавирустан айыгып чыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 15-апрелде вирус жуктуруп алган айым азыркы тапта андан сакайып чыккан.
"Аталган карылар үйүндө жалпы 200 адам жашайт. Элен тамашакөй, кыялы чорт айым. Ал эртең менен жана кечинде дайыма басат", - деп билдирген карылар үйүнүн кызматкери.