Дүйнө жүзү боюнча 23 өлкөдө 55 журналист коронавирустан көз жумду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, пандемия учурунда журналисттердин коопсуздугу коркунучта. Анткени алар окуя болуп жаткан жерден репортаждарды жасоого милдеттүү.
Белгилүү болгондой эпидемия жаңы башталган учурда журналисттер тарабынан коопсуздук эрежелери сакталган эмес.
Коронавирус илдетинен Эквадордо 9 журналист көз жумган, АКШда 9, Бразилияда 4, Испания жана Британияда 3төн журналист, Орусияда 1 журналист коронавирус илдетинен көз жумган.