Москвадан келе жаткан Кыргыз жарандары "Домодедово" аэропортунан чыга албай калышты. Бул тууралуу алар мамлекеттик органдарга видео кайрылуу жасап, жардам сурашкан.
Алар өз кайрылуусунда, Кыргыз өлкөсү бизнес класстын жүргүнчүлөрүн гана кабыл алып жаткандыгын жана ага болгон баалар 120-150 миң сомду түзөрүн айтышкан.
"Учурда республикалык штабга кайрылып жатабыз. Ал эми элчиликке кайрылганыбызда, алар биздин маселени чечип берүү үчүн юристтерди жөнөтөбүз дешкен. Бирок алардан дайын жок. Бул жактагы мекендештерибиз үч күндөн бери кете албай жүрүшөт. Себеби биринчиден, алардын жумушу жабылган. Экинчиден, барар жери жок, билеттери жокко чыккан. Бул жакта кош бойлуулар, улгайган апалар дагы отурат. Демек, 120-150 миң сомго билет алганга шарты барларды Кыргыз өлкөсү кабыл алып, 20 миң сомго билет алгандар минтип кете албай күтүп олтуруш керек экен да. Эми биз оорусак дагы мекенге барып ооруйлу деп жардам сурап кайрылып жатабыз", - дешет Москвадан чыга албай жаткан жарандар.