"Коронавирусту кайсы дары менен дарылап жатканыбызды айтпайм" дейт Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын башчысы

Бүгүн, 2-майда Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын директору Кумар Ботокараев онлайн маалымат жыйын берип, жарандар тарабынан берилген суроолорго жооп берди.

Анда оорукананын директорунан маалымат каражат өкүлү коронавирус менен жабыркаган бейтапка кандай дарылар колдонулуп жатканы жөнүндө жана бейтаптын тамак-ашына кеткен чыгымдын суммасын сурап кайрылды.

Ал оорулар кайсы дары-дармек менен дарыланып жатканы боюнча айтуу туура эмес болуп каларын айтты. "Себеби бейтапты вируска каршы, бактерияга каршы, симптомуна жараша дарыгерлер дарылап жатышат. Эгерде кокус бул дарылардын атын айткан болсок, оорусун жашырган же ооруп үйүндө дарыгерге кайрылуудан коркуп олтургандар болушу мүмкүн. Алар айтылган дарыларды алып үйүндө өзүн-өзү дарылоо жүргүзүп, абалды дагы татаалдаштырып жиберүүсү ыктымал. Ошон үчүн дарылардын так аталышын айтпайм. Себеби бул азыркы абалга туура келбейт.

Негизи өпкөгө чаап, өтүшүп кеткен учурда препараттар колдонулуп жатат. Андан сырткары бейтаптын бирөөсүндө кант диабети болсо, бирөөсүнүн кан басымы жогору болсо, боору же бөйрөгү ооруган болсо ага каршы симптомуна жараша дарылар берилип жатат", - деди оорукананын директору.

Ал эми бир күндүк дары-дармектин суммасы оорулуунун дарт баянынын ичинде тура турганын белгиледи. "Азыр оорунун санын тактап жатабыз. Канча сомдук дары кеткенин дарт баянына анализ кылып, ар бирин карап чыккандан кийин гана айта алабыз. Тамак-ашка кеткен сумма инфекциялык бөлүмдө жаткан оорулууларга, аны көзөмөлгө алган дарыгерлерге, ооруканадан чыгып обсервацияда жаткан жарандарга кеткен. Алардын баарын айтканда бир күнгө 185 сомду түзүп жатат. Анын ичинде эртең менен сүт азыктарынан жасалган тамак-аш, түшкүгө биринчи-экинчи, кечкиге биринчи-экинчи түр тамак берип жатабыз. Бул албетте, бейтаптардын иммунитетин түшүрбөө, калыбында сактап калуу аракеттери", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
-Sumitra-
2020-05-02 14:59:02
Министрлик каяктагы миллиондорду айтып жатат ошондо?
+5
Erik2018
2020-05-02 15:16:34
Кыкендер качан акылдуу болгонду токтотосунар вакцина жок бирок иммунитети көтөрүүчү уколь даарылар барда дүйнө ошол методу менен айыгып жатат
+5
bema_bema
2020-05-02 15:26:04
Айтса акылдуулар оз алдынча ичет ошол дарыны
+8
bond02
2020-05-02 15:28:40
Семиз койдун этинен эле кайнатма кылып артынан кымыздан бере бергиле.
+11
Kona8631
2020-05-02 20:49:56
Ишенбейм ушуларга
-2
yars2017
2020-05-02 21:10:20
коронавирус жок жана анын дарысы да жок жаман былжырайт да тиги ооругандар жана сакайып чыккандар жон гана грипп да
-4
yars2017
2020-05-02 21:12:08
грипп болгондо кантип дарыланасынар ошентип эле дарыланат
-3
asman.81
2020-05-02 21:22:27
Ракка берилуучу дарылар,уколдор берилип жатат деп откондо жазылып чыгып атты го.
0
sirenaaaaa
2020-05-03 00:02:04
Мен тан калып жатам да. Негизи болницага тороп жатсан деле, бизде дары дармек жетишпейт деп перчатки, пеленка алдырышат го. ОЗУ торогон бекер десе деле акча алышат. Анан эле бул оорууну кантип бекер дарылап жатышат. Еще тамак аштарын да оздору беришип жатат
+2
altyn7776
2020-05-03 03:42:06
185 сомго кунуно дейт...эки маал 1-2-си менен дейт... эмне болгон тамак экен
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан