Бүгүн Баткенде коронавирус аныкталгандардын рекорддук көрсөткүчү катталды. Кайсы райондордон аныкталды? (тизме)

Бүгүн, 13-июлда Баткен облусунда 43 адамдан коронавирус аныкталып, облус боюнча рекорддук көрсөткүч катталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде облус боюнча 43 адамдан коронавирус аныкталып, жалпы 334 адамга жетти. Сутка ичинде облус боюнча коронавирус аныкталган адамдардын ичинен:

Баткен районунда - 1;

Баткен шаарында - 7;

Кызыл-Кыя шаарында - 9;

Кадамжай районунда - 10;

Лейлек районунда - 16;

Облус боюнча изоляцияда 82, амбулатордук изоляцияда 120 жаран бар. Ал эми жалпы 56 адамдан пневмония аныкталды.

Бүгүнкү күнгө чейин Баткен облусу боюнча коронавирустан 5, пневмониядан 1 адам каза болду.

Акыркы сутка ичинде илдеттен 44 адам каза болду, анын ичинен 5өө ак халатчандар
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asyl.jazi
2020-07-13 18:31:57
Сулуктудо 4 адам коронавирус, 5-6 адам пневмания менен ооруп жатат деген маалыматтар бар. А тизмеде Сулукту жок экен. Тактап жазып койгулачы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан