"Дарыгерлерге кайрылбай үйүндө жаткан". Коронавирустан дагы бир бейтап каза болду

Бүгүн, 8-июнга карата өлкөдө коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптардын бири каза болду. Маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда кабарлады. Маркум 67 жаштагы аял киши.

"Каза болгон жаран Нарын облусунун тургуну. Ал илдети тууралуу дарыгерлерге айтпай, үйүндө жата берген. Качан гана абалы начарлаганда, тиешелүү жактарга телефон аркылуу кайрылган. Бейтапты жашаган жеринен мобилдүү бригада облустук ооруканага алып келген. 7-июнда абалы оорлошуп, көрүлгөн аракеттерге карабай каза болду.

Каза болгон аял илдеттин оор түрү менен жабыркаган. Ага эки тараптуу пневмония, дем алуунун жетишсиздиги, аз кандуулук, кан басымы жогору деген диагноз коюлган. Каза болгон жарандын жакындарына көңүл айтабыз", - деди ал.

Муну менен өлкөдө аталган илдеттен каза болгондордун жалпы саны 23кө жетти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
AykaMer
2020-06-08 11:51:28
Оорууну жашырсаң өлүм ашкере кылат...
+1
altyn7776
2020-06-08 13:37:42
алардын жакындарын да толук обсервация кылышыптырбы? Ал тууралуу маалымат жок го
+2
nur...nur.
2020-06-08 19:04:58
олгондун баарын корона вирустан дей берет экенда эми.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан