22-мартта Ысык-Көл облусунун Жаркынбай айылынын тургунунун дене табы жогорулап, инфекциялык ооруканага жаткырылган. Ал 18-мартта Кипрден келгени белгилүү болгон.
1991-жылы туулган жаран коронавируска тест тапшырган. Тесттин жыйынтыгы чыгып, анда вирустун белгилери аныкталган жок. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта саат 18:00гө белгиленген онлайн маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.