Коронавируска байланыштуу Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырыгы менен 8-апрелден тарта орто мектептин окуучулары төртүнчү чейректи дистанциялык негизде окуп башташкан. Өлкөнүн мектептериндеги окуучулардын аралыктан окуп жатканына дээрлик бир айга чукулдап калды. Мындан улам SUPER.KG порталы Ош шаарындагы №7 Нариман атындагы мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана кыргыз адабияты сабагынан мугалим Айсалкын Сыдыкова менен маектешип, мугалимдик ишмердүүлүгү жана аралыктан окутуу тууралуу маектешти.
"МУГАЛИМДИКТИ МЕН ТАНДАБАЙ ЭЛЕ, АЛ МЕНИ ТАНДАП АЛГАНДАЙ СЕЗИЛЕ БЕРЕТ"
- Мугалимдик кесип чынында абдан кызыктуу, ошол эле учурда татаал кесип деп айтар элем. Анткени жумушумда түйшүк менен кошо көп жагымдуу, кызыктуу окуялар болуп турат. Айрыкча окуучулардын таза аурасы жагат. Бул кесипти мен тандабай эле, мугалимдик кесип мени тандап алгандай сезиле берет. Себеби кесибимди өтө сүйөм, ардактайм, сыйлайм жана сыймыктанам. Балдардын таза, аруу дүйнөсүнө саякаттап, алардын пикирин угуп, алар менен маектешүүдөн чыны менен ырахат алам. Ошондуктан бул кесипти мага тартуулаган Жаратканыма шүгүрлөр жана ыраазычылыгым чексиз экенин айта кетким келет.
"САБАК УЧУРУНДА КЫЗЫКТУУ ОКУЯЛАР КӨП БОЛОТ"
- Кызыктуу окуялар сабак учурунда көп болот. Алардан бирөөнү айтып бергим келип турат. Бала тили бал да. Бир жолу кыргыз тилинен бышыктооч деген темада сабак өттүм. Эртеси балдарга кандай тема өткөнбүз деп сурасам, бир окуучум "быштактооч" деп жооп берди. Аны уккан классташтары, анын ичинде мен баш болуп күлүп, кыйрап жатып калдык. Быштактооч эмес, бышыктооч деп айтып бал тил окуучума түшүндүргөн элем.
Сабакта окуучулар менен бала болуп, алардын жан дүйнөсүнө кирип мугалим экенимди деле унутуп калган күндөрүм болот. Кээде окуучуларым апа деп да атап алышат. Албетте, бул учур мага чынында жагымдуу.
"ТЕХНИКАЛЫК ЖАКТАН КӨП БИЛИМ ҮЙРӨНДҮК"
- Азыркы тапта вируска байланыштуу аралыктан билим берүүнү улантып жатабыз. Дистанциялык сабак окууда санариптештирүү жылына карата окуучулар техниканын көп жагын үйрөнүп жатышат. Бир эле окуучулар эмес, мугалимдер дагы техникалык каражаттар менен сабак өтүүнүн көп жакшы жагын үйрөнүштү. Электрондук форматта кесиптештер бири-бирибиз менен пикир алышып, видеороликтерибизди бири-бирибизге жиберип турабыз. Албетте, миң уккандан бир көргөн жакшы дегендей бетме-бет сабак өтүүгө не жетсин. Бул жерде айласыздын иши болуп жатканын жакшы түшүнүп турабыз. Бирок ошондой болсо дагы жакшы жыйынтыктарга жетип, көп көндүм билимдерди үйрөнүп жатабыз деп айта алам.
"АРАЛЫКТАН ОКУТУУДА АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ЖАКШЫ БАЙЛАНЫШ ТҮЗҮЛДҮ"
- Аралыктан окутууда окуучулар берилген тапшырмаларды берилүү менен аткарып жатышат. Балким, аларга видеого сабак тартуу кызык болуп жаткандыр, айтор, болушунча аракет кылып жатышат. Видео аркылуу деле ар кандай сабак өтүү ыкмаларын колдонуудабыз. Окуучулардын тилин жатыктырыш үчүн макал-лакап, табышмак, жаңылмач сыяктуу элдик оозеки чыгармачылыктагы үлгүлөрдү пайдаланып жатабыз. Жакшысы, айрыкча ата-энелер менен жакшы байланыш түзүлгөнү болду. Ата-эне окуса, алар балага көңүл бөлсө, анын келечегине кайдыгер карабай, аны менен бирге сабак аткарса гана балада толук кандуу билим болот. Азыр ата-энелер ошол нерсени билип жеткен сыяктуу. Себеби алар балдары менен күндө сабак өтүп жатышат.
Мугалим катары балдарыңарга телефондогу негатив нерселерди көрсөтпөңүздөр деп кеңешимди ата-энелерге берип жатам. Себеби азыркы телефондогу ыксыз оюндар, жалган маалыматтар өсүп келе жаткан баланын аң-сезимин оңой эле ойрон кылышы мүмкүн. Мына ушул нерседен чынында чочулайм. Аларга өзүңөргө керектүү гана маалыматтарды алып, ашыкча телефон кармабагыла деп эскертип турам.
"МЕКТЕПТЕ 38 ЖЫЛДАН БЕРИ МУГАЛИМ БОЛУП ИШТЕП КЕЛЕ ЖАТАМ"
- Мен 1963-жылы 15-июлда Алай районунун Мурдаш кыштагында туулгам. 1978-жылы 8-классты бүтүп, Ош педагогикалык окуу жайына кирип, аны 1982-жылы бүтүрдүм. Андан кийин Ош педагогикалык окуу жайынын кыргыз тили жана адабияты бөлүмүнө тапшырып, аяктадым. Ошентип билим берүү тармагында иштеп келе жатканыма 38 жылдын жүзү болду. Бул жыл аралыгында көп жетишкендиктерге ээ болдум. 2003-жылы сентябрь айында Билим берүү министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйландым. Андан кийин жылдын мугалими конкурсуна катышып, биринчи орунду алып 2003-жылы эл агартуунун мыктысы деген наамга татыктуу болдум. Мындан сырткары көп мактоо барактарынын ээсимин.
Үй-бүлөм боюнча айтсам, 1982-жылы жолдошум менен баш коштук. Ал салык кызматында көп жыл иштеди. Азыркы учурда жеке фирмада эсепчи болуп иш алып барат. Мен болсо мектепте иштейм. Экөөбүз 4 баланы тарбиялап тууруна кондурдук. Кудайга шүгүр, 12 неберебиз бар.