22-майга карата өлкөдөгү стационарларда 387 бейтап коронавируска каршы дарыланып жатат. Анын ичинен 4 бейтап оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Дагы 2 миң 150 адам обсервацияда калууда.
Бул күнгө карата аймактардагы стационарлардагы статистика кандай болуп жатканына кызыгып көрдүк. Маалымат Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий сайтындагы күн сайын жаңыланып туруучу картасынан алынды.
Бишкек жана Чүйдө жалпысынан 579 жарандан коронавирус аныкталган. Анын ичинен 385 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, дагы жетөө (Бишкекте 6, Чүйдө 1) каза болду. Калган 187 жаран дарыланып жатат.
Ош облусу жана Ош шаары боюнча жалпы 334. Анын 157 бейтабы облустагы стационарларга жаткырылып, бүгүнкү күндө 133 бейтап айыкты. Дагы үчөө каза болду. Учурда 21 бейтап (Ноокат аймактык ооруканасында 5, Кара-Суудагы аймактык ооруканада 11, Өзгөндөгү аймактык ооруканада 5) стационарларда калууда.
Ош шаарында 177. Анын 147 бейтабы илдеттен арылса, дагы үчөө каза болду. Стационарларда 27 бейтап дарыланууда Ош шаардык клиникалык ооруканасында 23, Ош облустук ооруканасында 4).
Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 156. Бүгүнкү күндө анын 139у айыгып, 17 бейтап стационарларда калууда. (Жалал-Абад облустук ооруканасында 4, Тогуз-Тородогу дарыгерлер борборунда 1, Чаткалдагы дарыгерлер борборунда 11, Ала-Бука районундагы аймактык ооруканасында 1).
Нарында жалпы 242. Анын ичинен 113 жаран сакайып, бир бейтап каза болду. 128 бейтап дарылануусун улантып жатат. (Нарын облустук ооруканасында 109, Ат-Башы районундагы аймактык ооруканасында 1, Ак-Талаа аймактык ооруканасында 18).
Баткен облусунда жалпы 25. Анын 21 бейтабы айыгып, үйлөрүнө чыгарылса, 4 жаран Кызыл-Кыя аймактык ооруканасында калууда.
Ысык-Көлдө жалпы 14. Анын 11 бейтабы айыгып, калган 3 жаран стационарларда калууда (облустук ооруканада 2, Балыкчы шаарындагы аймактык ооруканасында 1). Белгилей кетсек, 27-апрелден 11-майга чейин аталган облуста ооругандар катталган эмес. Ага чейин катталган 10 бейтаптын бардыгы 6-майга карата айыгып, медициналык жайдан чыгарылган.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, стационарлар айрым аймактарда (район, айыл) түзүлгөн эмес. Бейтаптын абалы оорлошуп кетсе, шарты жакшы стационарга которулат. Мындан улам оорулуу жаран айыкканда кайсы аймактын ооруканасынан чыккан болсо, ошол аймактын статистикасына кошулуп, баланча аймактан мынча бейтап айыкты деп эсептелет.