"Ухан вирусу": Дүйнөдө ооруну жуктургандардын саны дээрлик 45 миллионго жетти

Бүгүн, 30-октябрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 44 миллион 942 миң 3 болду. Анын ичинен 30 миллион 236 миң 155 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы, 1 миллион 180 миң 942 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 8 миллион 943 миң 590 адамдан коронавирус аныкталды. 228 миң 636 адам каза болсо, 3 миллион 554 миң 336 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 8 миллион 40 миң 203 адамдан аныкталды. 120 миң 527 адам каза болсо, 7 миллион 315 миң 989 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Аталган өлкөдө 5 миллион 494 миң 376 адам вируска кабылган. 158 миң 969 бейтап көз жумса, 4 миллион 962 миң 574 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан