Кыргыз өлкөсүнө кирүүдөн мурда карантинге алынат. Дагы 4 мамлекеттин жарандарына карата чектөө киргизилди

Кыргыз өлкөсү коронавирустан коргонуу үчүн Иран, Түштүк Корея, Япония жана Италиянын жарандарына карата чектөө киргизди. Эми аталган өлкөнүн жарандары республиканын аймагына кирүүдөн мурда 14 күнгө карантинге алынат. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин оперативдүү штабынан билдиришти.

"Япониядан, Түштүк Кореядан, Ирандан, Италиядан (бул тизме эпидемиологиялык абалга жараша толукталмакчы) келген жарандарды карантинге алуу 21-февралдан баштап ишке киргизилди. Аталган мамлекеттин жарандары карантинден өткөндөн кийин гана республиканын аймагында эркин жүрө алышат. Ал эми Кытайдан келгендерге мындай чектөө мурда эле киргизилген", - деди мекеменин маалымат кызматынан.

Бүгүнкү күндө коронавирус менен жабыркагандар жок. 534 адам стационардык көзөмөлдө туруп, алардын 391и жашаган аймагы боюнча медициналык жайдан текшерүүдөн өтүп жатышат. Кыргыз өлкөсүнүн бардык көзөмөл-өткөрүү жайлары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова 24-февралда билдирген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ruslan-Gaparov
2020-02-25 18:57:43
Молодец ошондой кылгыла
+1
Dembele84
2020-02-25 19:15:47
Жашырбай айтып тургула бар жокту!
+3
TalaCSKA
2020-02-25 21:51:53
Вирустун инкубационный убагы 28 кун экен окумуштуулар менен врачтар какшап атышат минимум 30 кун карантин кылгыла!
+3
Globalnews
2020-02-26 07:58:14
Сураныч, Турция жака дагы карагыла, Ирандан кирген вирус Турцияда 99% болушу мумкун, инкубационный период 3-28 кун болгону учун билинбейт, бирок 99% бар Турцияда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан