"Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Кара-Булак айылына катуу мөндүр жаап, бүчүр ача баштаган алманын гүлдөрүн күүп кетти", - деп жазат "Элдик кабарга" окурман.
Окурмандын айтымында, бүгүн, 2-май күнү саат 17:30 чамасында катуу шамал болуп, күн күркүрөп, мөндүр төккөн.
Видеодо мөндүр чоң экенин жана катуу жаап өткөнүн байкаса болот.
Буга чейин Исфанада сел жүргөнүн кабарлаганбыз.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.