Түркмөнстанга Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттери келип, эпидемиологиялык абалды текшерет. Мындай маалымат өткөн аптада эле чет элдик басылмалар тарабынан жазылган.
Буга байланыштуу аталган өлкөнүн жугуштуу оорулар ооруканаларында бейтаптарды массалык түрдө үйлөрүнө чыгарып жатканын жергиликтүү маалымат булактары кабарлашууда.
"Ашхабад шаарындагы жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында бейтаптар дээрлик калган эмес. Ал эми Чоганлы аймагынын жугуштуу ооруларды алдын алуу жана дарылоо борборунда палаталар 80 пайызга бошогон. Мындан тышкары Түркмөнабад шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасындагы карантин зонасы күтүүсүздөн бош калган. Карантинде жана обсервацияда жаткандардын да саны азайган.
Албетте, мындай чаралар менен өлкө бийлиги жакында келүүчү текшерүүгө даярданып жатышканы айкын. Бирок чындыгында коронавирустун алдын алуу боюнча жасалып жаткан иш-чаралар Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун талаптарына жана сунуштарына туура келбейт. Мисалга өлкө 9-майга арналган массалык иш-чарага даярдыктарды көрүүдө. Ошондой эле дарыгерлерге жана медициналык кызматкерлерге коронавирус тууралуу эскерүүгө, сүйлөөгө тыюу салынганы маалым. Мындан улам көпчүлүк медициналык мекемелерде коронавирустун белгилери менен келген бейтаптар катталбай, катталып анализ тапшырса да, баарынын жайынтыктары таза чыккан болуп калууда. Жарандар арасында коронавирус тууралуу сүйлөгөндөр болсо, аларга айып пул салынып жатат. Эл аралык укук коргоо уюмдары дагы Түркмөнстанда адам укуктары одоно бузулуп жатканын байма-бай айтып келишет", - деп жазылат маалыматта.