Президент Сооронбай Жээнбековдун кызы Бактыгүл Шарипова жана анын күйөөсү коронавирус жана пневмония оорусу менен ооругандарды дарылап жаткан дарыгерлерге тамак ташып берип жатат. Бул тууралуу Мурат Соорбеков аттуу социалдык тармактын колдонуучусу жазды.
"Менин баракчама президент Сооронбай Жээнбековдун кызы жана күйөө баласы ыктыярчылык кылып, COVID- 19 менен ооруган бейтаптарды дарылап жаткан ооруканалардагы дарыгерлерге тамак-аш таратып жүргөн сүрөттөрүн жиберишиптир.
Чындап эле сүрөттө президенттин кызы менен күйөө баласы өздөрүнүн унаасын минип алып, жакшы үлгү көргөзүп жүрүшөт экен. Бул көрүнүш башка саясатчылардын балдарына да үлгү болчудай. Азыркы учурда баарыбыз биригип, илдетке каршы турушубуз керек, ынтымакта гана бул кыйын мезгилден чыга алабыз", - деп жазган ал.
Президенттин кызы кайсы ооруканаларга тамак таратканы жана сүрөт качан тартылгандыгы тууралуу маалымат жок.
Сооронбай Жээнбековдун 1 уул жана 1 кызы бар. Кызы Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу Атабек Абжалиевге турмушка чыккан. Экөөнүн Алиаскар аттуу уулу бар.