Балбак Түлөбаев: "Бишкекте жардам алган үй-бүлөлөрдүн саны 90 миңге жетти"

Өзгөчө абал учурунда жарандарга азык-түлүк жеткирүү жана түз байланыш кызматтарын аткаруунун башында турган, Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев тиешелүү иштер тууралуу маалымат берди.

Айтымында, Бишкек шаарында жана анын четинде жашаган 90 миңге жакын үй-бүлөгө жардам берилди. Анын ичинен 4300 үй-бүлөгө өкмөт тарабынан баштыктар таратылууда.

"Карантин маалында 7 багытта иш алып бардык. Биринчиси, өкмөт 6 миң кап унду шаардагы райондорго бөлүп берген.

Экинчиси, Бишкек шаарындагы кайрымдуулук фонддору тарабынан 15 миң үй-бүлөгө жардам көрсөтүү убадаланган, алардын 10 миңине таратылды. Дагы таратылат.

Үчүнчүсү, шаардын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 17 миң үй-бүлөгө жардам берилди. Алардын баары Бишкекте турган көп балалуу энелер, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, согуштун катышуучулары.

Төртүнчүсү, Бишкек шаарындагы бизнес өкүлдөрү 22 миң үй-бүлөгө жардам көрсөтүштү. Жардам көрсөткөндөрдүн баарына ыраазычылык билдиребиз. Алар оор учурда кол куушуруп карап отурушкан жок.

Бешинчиси, өкмөттүн жардамында Ак-Жар, Ак-Ордо-1-2-3, Селекция жана башка жаңы конуштардын жашоочуларына жардам таратылды.

Алтынчысы, Борбордук штаб тарабынан Бишкектеги 1000ге жакын адамдарга азык-түлүк берилди.

Жетинчиси, Бишкекте жана анын тегерегинде жашаган 30 миң ички мигранттарга 1208 сомдук азык салынган баштыктар таратылды. Алар жардамга муктаж болгондор", - деди Түлөбаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
anash
2020-05-03 16:10:01
Мактанбачы зб кылдынар 500 продуктаны айтып казактар 180$берип атат
+1
Eden-Hazard
2020-05-03 20:44:21
Казакстан 50 миң тонна ун берди деген эле. Ошол кана? Дайны жокго...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан